• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түштүк Кореяда өлүмгө кептеген дартты жуктургандардын саны 8 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 17.03.20. /Кабар/. Түштүк Кореяда бир күн ичинде коронавирусту жуктурган жаңы 84 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору уюмунан (KCDC) билдиргенин РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы жонунан жаңы вирус менен 8 миң 320 адам ооруйт жана 81 адам жан берди.

Буга чейин илдеттен 75 адам каза болгону айтылган. Ошондой эле Түштүк Корея эпидемиологиялык абалды жогорку деңгээлге көтөргөн.

KCDC уюмунун маалыматында, шейшембиге караган түнү Тэгуда 32, Сеулда 12, Кёнгидо провинциясында 31 учур катталган. Өлүмгө кептеген дарттан 1 миң 401 адам айыккан жана 17 миң 291 бейтаптын анализдери чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий