• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто каратэ-до боюнча эл аралык турнир болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Ош шаарында каратэ-до боюнча “Osh open” эл аралык турнири болуп өттү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Спорттук иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан, кошуна Өзбекстан Республикасынан келген 400дөн ашуун спортчу катышты.

Турнир жогорку деңгээлде өтүп, жеңүүчүлөр Ош шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, медалдар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Каратэ-до боюнча мелдешти жыл сайын өткөрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий