• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто эмгектин ардагери Саламат Ашимбаеваны мезгилсиз дүйнөдөн өттү — некролог

Аймак 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. 2023-жылдын 15-сентябрында Ош шаардык Ардагерлер Кеңешинин президиумунун мүчөсү, эмгектин ардагери Саламат Ашимбаеваны мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Саламат Ашимбаева 1948-жылдын 9-февралында Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Кулжа айылында туулган.

1966-жылы орто мектепти бүтүргөндөн кийин Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун математика-физика факультетине тапшырып, 1970-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктаган.

Эмгек жолун 1970-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун “Педагогика жана психология” кафедрасында окутуучу болуп баштаган.

1978-жылдын 26-февралынан 1979-жылдын 7-сентябрына чейин Ош областтык партия комитетинде жооптуу кызматкер;

1979-1992-жылдары Ош областтык Уркуя Салиева атындагы кыргыз кыздар орто мектебинин директору;

1992-2017-жылдары Ош шаарындагы №30 “айданек” балдар бакчасынын директору;

2017-2020-жылдары “Бэби Лайф” жеке балдар бакчасынын директору;

Өмүрүнүн акыркы жылдары Ош шаардык Ардагерлер Кеңешинин президиумунун мүчөсү болуп өрнөктүү өмүр кечирген. Жалпы эмгек стажы 49 жылды түзүп, көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Саламат Ашимбаева ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле жасап, өзүнүн жакшы жактарын көрсөтө алган.

1982-1992-жылдары Ош шаардык Кеңешинин депутаты болгон.

Көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана ийгиликтүү жүргүзгөн иш аракеттеринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын “Эл агартуунун отличниги” төш белгиси, “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” наамы ыйгарылган, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” менен сыйланган.

Саламат Ашимбаева Ош шаарыбыздын коомдук-саясий турмушуна активдүү катышып, республиканын өнүгүшүнө, өзгөчө билим берүү жаатында зор салым кошкон чыныгы патриот инсан болгон. Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз. Саламат Ашимбаеванын жаркын элеси биздин, мекендештеринин жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Б.Ж.Жетигенов, С.С.Назылбеков, М.А.Исаев, Н.С.Кадыров, З.Б.Юсупов, С.К.Жунусбаев, А.Кубатбек уулу, Ө.А.Арзыкулов, Б.Ы.Карыбеков, О.К.Акимбаев, А.Мырзакаримова жана башкалар

Пикир

Оставить комментарий