• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда адам өлтүрүүгө шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кадамжайда адам өлтүрүүгө шектелген жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Б

Маалыматка ылайык, күн мурун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы кирпич чыгаруучу заводдо белгисиз жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн сөөгү табылган.

Бул факты Кадамжай райондук милициясына КР кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен катталып, кызматкерлерге тергөө тапшырмасы берилген.

Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын ким экендигин жана анын жүргөн жерин аныктоо максатында ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзө баштайт.

Кылмышка шектүү 38 жаштагы Б.А. чет өлкөнүн жараны экендиги аныкталып, Сузак РИИБдин кызматкерлеринин жардамы менен Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүүнү Сузак районунан кармап келишти.

Бул оор кылмыштын бетинин ачылышына “Сузак" чек ара бөлүгүнүн башчысы өздүк курамы менен биргеликте жардамын берди.

Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий