• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандан Өзбекстанга 4 млн сомдук мал айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга 4 млн сомдук мал айдап өтүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там жергесинде кызмат өтөө учурунда чек арачылар бир нече белгисиз адамдар уй жана жылкылардын үйүрүн Кыргызстандан Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылып жатышканын байкашкан.

Чек арачыларды көргөн белгисиз адамдар Кыргызстандын аймагына из жашырып кетишкен. Ал эми чек арачылар 57 уй жана 41 жылкыны кармашкан.

Алдын ала иликтөөлөрдүн жүрүшүндө кармалган уй-жылкылар чек арадан айдап өтүүгө аракет кылынганга чейин жергиликтүү тургундун мал сарайында кармалып тургандыгы аныкталган.

Аткезчилик малдын жалпы баасы болжол менен 4 млн сомду түзөт.

Учурда аткезчилер жана алардын шериктештери изделип, уй жана жылкылардын ээлерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий