• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Онкологиялык ооруларды аныкташ үчүн 2020-жылы брахитерапия аппараты сатылып алынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14.02.19 /Кабар/. Онкологиялык ооруларды аныкташ үчүн 2020-жылы брахитерапия аппараты сатылып алынат. Бул депутат Айсулуу Мамашова "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, бир топ факторлордун айынан онкологиялык илдетке кабылгандардын саны өсүп баратканын тана албайбыз.

Эң өкүнүчтүүсү, рак оорусуна кабылгандар 3-4 стадияда гана аныкталууда. Буга тиешелүү алдын ала дарт наамын тактап берүүчү жабдуулардын жоктугу себеп. Абалдан чыгуу үчүн бюджеттен каражат табуу аракеттери жасалды, – деди эл өкүлү.

"Центеррра Голд Инк" компаниясынан түшкөн 7 млн. долларга жаңы жабдуулар алынганы турат. Ал Бишкек шаарына орнотула турган медициналык аппарат болуп саналмакчы, – деп кошумчалады депутат.

Кыргызстан эл аралык МАГАТЭ уюмуна мүчө. Бирок, ага болгон салымдык каражаттар убагында эсептешилип турбагандыктан, онкологиялык жардам көрсөтүүгө зарыл болгон аппаратураларды алууда кыйла тоскоолдуктар жаралды, – деген эл өкүлү, – 2018-жылга чейинки карыздар менен эсептешүүчү каржы булактары аныкталгандыгын билдирди.

2020-жылы брахитерапия аппараты сатылып алынаары күтүлүп жатат. Ал жатын моюнчасындагы рактын өөрчүп кетүүсүнүн алдын алууга чоң жардамчы болот, – дейт Мамашова.

Пикир

Оставить комментарий