• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Айрым шаарлардын канализация тутуму оңдолот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 11-сентябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында бир катар ратификациялык мыйзам долбоорлору каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Насыялык жана гранттык макулдашуулар белгиленген бул ратификациялык мыйзам долбоорлору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев баяндама жасады.

Маалыматка ылайык, аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору Өзгөн, Майлуу-Суу, Токтогул жана Балыкчы шаарларынын таза суу менен камсыз кылууга жана канализация системасын реабилитациялоого багытталган. Ратификациядагы насыялык макулдашуулар 15 жана 25 жылдык төлөө мөөнөтү белгиленип, 3 жана 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт көрсөтүлгөн. Насыяларнын ставкасы Euribor+.

Макулдашуулардын негизинде Өзгөн шаарын таза суусу менен камсыздап, канализациясын оңдоп-түзөөгө 8,5 млн евро жана 2,75 млн АКШ лоллары, Майлуу-Суу шаарына 6,65 млн евро жана 1,6 млн АКШ доллары, Токтогул шаарына 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары жана Балыкчыга 5,3 млн евро жана 1,21 АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик жана гранттык каражаттар берилмекчи.

Талкууда макулдашуунун шартына ылайык, долбоорлор жүзөгө ашкандан кийин таза сууга болгон тариф 104%га жогорулай тургандыгы жана насыялык төлөмдөр таза суу төлөмүнүн эсебинен төлөнө тургандыгы белгилүү болду. Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, аталган шаардын башчылары таза суу менен канализация үчүн жогорудагыдай ставкадагы насыяны төлөй алышаарын айтышты. Комитет мүчөлөрү жалпысынан ратификациялык мыйзам долбоорлорун колдоого алып, берилген документер менен кошо насыянын төлөө мөөнөтүнүн графиги дагы берилсе деген тилектерин билдиришти.

Жыйынтыгында аталган ратификациялык мыйзам долбоорлору жактырылды.

Ратификациялоого сунуш кылынган мыйзам долбоорлору:

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Өзгөн шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1-окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Балыкчы шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1-окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Токтогул шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1-окууда).

- «Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана Никосия шаарында 2017-жылдын 11-майында кол коюлган “Майлуу-Суу шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана канализация системасын реабилитациялоо” долбоору боюнча берилүүчү Европа бирлигинин инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» КР мыйзам долбоору (1-окууда).

Пикир

Оставить комментарий