• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин жаңы варианты жарык көрдү

Маданият 0

Бишкек, 11.09.17. /Кабар/. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Багыш Сазанов, Мамбет Чокморов, Тоголок Молдо, Жаңыбай Кожековдон жазылып алынган жаңы варианты жарык көрдү. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул кол жазмалар КР УИАнын Кол жазмалар фондунда сакталып турат.

Эпостордун тексттери кол жазмага ылайык, эч кандай өзгөртүүсүз жарыяланды. Басылма айрым персонаждардын аттарынын, жер-суу аттарынын, этнонимдердин, чет тилден кирген сөздөрдүн түшүндүрмөлөрү менен толукталган.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда эпосту жазып алган окумуштуулар - С.Байсалов, А.Тайгуренов, И.Абдракманов жана К.Кыдырбаева. Ошондон бери жетимиш жылдан ашуун мезгилден кийин гана жарык көрдү.

Пикир

Оставить комментарий