• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте балерина Рейна Чокоеванын 85 жылдыгына арналган концерт өтөт

Маданият 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү балерина, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Рейна Чокоеванын 85 жылдыгына арналган концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чара эртең, 27-октябрда саат 18:00дө башталат.

Конокторго Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын таланттары өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Рейна Чокоева кыргыз профессионалдык хореографиялык искусствосунун көрүнүктүү жайылтуучусу, улуттук балетти чет өлкөлөрдө даңазалаган, Советтер Союзунун ар кайсы шаарларында кыргыз музыкалык искусствосунун декадаларына катышуу менен катар, Дания, Италия, Канада, Монголия, Румыния, Сирия, Чехословакия жана Швеция театрларынын сахналарында бийлеген.

Ал Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайын бир нече жыл жетектеген.

Пикир

Оставить комментарий