• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кемин районунда жаңы музей ачылды

Маданият 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Кемин районунун Кайыңды айылында бүгүн жаңы музейдин ачылышы болду. Музей А.Токомбаев атындагы орто мектептин жаңы имаратынын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманаливдин демилгеси менен ачылган.

Кыргыз адабиятынын негиз салуучуларынын бири Аалы Токомбаев, Ысак Шайбеков, академиктер Мурзабек Иманалиев, Санжарбек Данияров сындуу ондогон илимдин докторлору, көптөгөн илимдин кандидаттары, атактуу артисттер, даңазалуу адамдар Кайыңды айылында төрөлүп, окуп-тарбия алып кыргыз элине опол тоодой эмгек өтөгөн залкар инсандарга айланышкан. Мына ушул айылдын өзүндө эле ошол залкарларга сабак берген мугалимдер, айылы үчүн ат көтөргүс эмгек кылган адамдар өткөн. Тилекке каршы мына ушул айылдын тарыхын, айыл сыймыктана турган залкарлар туурасында улам кийинки муун кабарсыз болуп калышы ыктымал экен.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев демилгечи болгон айылдык музейди уюштуруу улуу муун менен кийинки муундун байланышын бекемдөө, көзү өткөн залкарларга таазим этүү, алардан калган үлгү-насаатты улам кийинки урпактарга жеткирүү, жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, өткөн тарыхы менен маданиятын, каада-салтын билүүнүн очогуна айлантуу максатын көздөйт.

Кайыңды айылындагы залкар жазуучу Аалы Токомбаевдин ысмын алып жүргөн орто мектепте ачылган Кайыңды айылдык музейинин ачылышына алыс-жакындан келгендер арбын болду.

Депутат Каныбек Иманалиев баштаган демилгечи топтун аткарган ишине чын дилинен ыраазы болгон айылдыктар мына ушул айылда тарбияланып чоңоюп азыр эми республикабыздын ар тармагында ийгиликтүү иштеп жаткан инсандар музейге коюлган экспонаттарды чоң кызыкчылык менен көрүп чыгышты. Экспонаттарды дагы да толуктоого ынтызарлыктарын билдиришти. Айылдыктар үчүн эле эмес, келген меймандар үчүн да сыймыктанып көрсөтөр маданий жай болуп калганын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий