• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Кытай маданият жумалыгы” аттуу иш-чара өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 26.02.18. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Экономика факультетинде “Кытай маданият жумалыгы” аттуу иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Лейла Казакбаева билдирди.

Казакбаеванын айтымында, мындай иш-чара Кытай маданиятын таанытуу максатында уюштурулуп жатат. Бир жума ичинде кагаз көргөзмөдөн тарта чоң конференцияга чейин ар кандай иш-чаралар уюштурулат.

“3-күнү кино көрсөтүлгөнгө чейин, Чыңгыз Айтматовдун Кытайдагы орду туурасында чоң конференция болот. Учурда ал конференцияга 75 студент катталды. Анын ичинде башка университеттин студенттери да бар”, — деди Казакбаева

Кытай маданият жумалыгы төмөндөгү план боюнча өтөт:

  • 26.02.2018 —Жианжи – кытай кагаз көргөзмөсү
  • 27.02.2018 —Тайжичуан – кытай салттуу гимнастикасы
  • 28.02.2018 —Кытай кино күнү
  • 01.03.2018 —Кытайдын салттуу тамактары
  • 02.03.2018 —Кытай маданиятын таанытуу программасы

Белгилей кетсек, иш-чара 26-февралдан 2-мартка чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий