• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаш көрүүчүлөрдүн театрында спектаклдин бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаевдин «Күзгүнүн сыры» пьесасын Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры көрөрмандарга тартуулайт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Ага аталган театрдын директору, КРнын эмгек сиңирген артисти Эгемберди Чалабаев режиссерлук кылды.

«Тарбиялык мааниси зор чыгарма эч кимди кайдыгер калтырбайт. Автор бул чыгарма аркылуу ата-бабадан келе жаткан салтты кармануу менен бирге улуттук баалуулуктарды сактоого, бир туугандардын ынтымакта жашоого, күнүмдүк турмушта оңой оокатты издеп келечек урпактардын эртеңки тагдырына балта чаап, баңги заттардан арылууга жана ыйман адепти сактоого үңдөйт.

Спектаклдин бет ачары бүгүн, 20-июнда 18:00дө Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында (ТЮЗ) коюлат. Кирүү акысыз!

Пикир

Оставить комментарий