• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркан Шорай, Филипп Чеа, Пак Сон Ён. Бишкекте биринчи жолу эл аралык кинофестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-21-ноябрында борбор калаада биринчи жолу Бишкек эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чаранын расмий ачылышы 17-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп, кино индустрия тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү “Асман” килеминен өтүшөт. Башталышы саат 19:00.

Иш-чарада эки башка категорияда сынак өткөрүлүп, эл аралык кино сынакта 10 тасма, улуттук сынакта 8 тасма ат салышат.

Сынактардын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова кирип, фестивалдын башкы сыйлуу коногу катары Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман катары тартылган актриса Түркан Шорай келет.

Фестиваль президенттин "Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана КРнын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын программы менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий