• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Так теке” фестивалы жогорку деңгээлде өттү

Маданият 0


Бишкек, 29-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. II эл аралык “Так теке” куурчак театрларынын фестивалы жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” маалымат агенттигиндеги жыйында “Москва куурчак театрынын” директору, искусствонун эмгек сиңирген ишмери Борис Киркин билдирди.

Аталган фестиваль Бишкекте 26-майда башталган. Бүгүн расмий жабылышы болот. Фестиваль Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери, кыргыз труппасынын негиздөөчүсү Виктор Швембергдин 125 жылдыгына арналган. Ал Россияда 4 куурчак театрын негиздеген.

М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору, КР эмгек сиңирген артисти Сатылган Сазаевдин айтымында, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиянын жамааттары балдарга оюн көрсөтүштү. Фестивалдын алкагында 9 спектакль коюлуп, аншлаг менен өттү.

Ошондой эле, фестивалдын алкагында көчмө куурчак театрлары көрсөтүлгөн. “Артисттерибиз акысыз түрдө онкологиялык жана 3-балдар ооруканасында оюн көрсөтүштү”, - деди ал.

Өз кезегинде “Москва куурчак театрынын” директору, Россия искусствого эмгек сиңирген ишмери Борис Киркин уюштуруучуларга ыраачызылык билдирип, фестиваль жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгиледи.

Москва облустук куурчак театрынын директору Олег Лобозин 2018-жылы Россияда куурчак театрларынын чексиз фестивалы өтөрүн билдирип, кыргыз куурчак театрын катышууга чакырды.

III эл аралык «Так теке» фестивалы 2019-жылы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий