• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россиядагы кинофестивалда 2 сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Режиссер Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Россиядагы "Киношок" эл аралык кинофестивалында 2 сыйлык алды. Бул тууралуу тасманын тартуучу тобунан билдиришти.

Аталган тасма Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган.

Сыйлыктардын бирине - калыстардын атайын сыйлыгына тасмада башкы ролду ойногон Артур Аманалиев татыса, мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге берилген.

Тасманын синопсиси:

Кыргызда "шам" - "жарык" дегенди билдирет. "Шамбаланын" түзмө-түз мааниси "шам" - " бала" же "жарык чачкан бала" деген маанини туюндурат.

Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀

Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко - мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀

Пикир

Оставить комментарий