• 88.68
  • 95
  • 0.95

КМШ өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бишкекте 2023-жылдын 26-октябрында өткөн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөт башчылар кеңешинин отурумунун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги отурумун өткөрүү жөнүндө.
2. КМШга мүчө мамлекеттердин 2026-жылга чейинки мезгилде геодезия, картография, мейкиндик маалыматтары, геомаалыматтык технологиялар, Жерди аралыктан зонддоо, кадастрдык каттоо жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жаатында кызматташуусунун мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.
3. КМШга мүчө мамлекеттердин отун-энергетикалык комплексинин тармактарын санариптик трансформациялоо концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын Планы жөнүндө.
4. “Уран өндүрүүчү өндүрүш таасирине кириптер болгон мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” эл аралык максаттуу программасы жөнүндө.
5. 2016-жылдын 28-октябрындагы КМШга мүчө мамлекеттердин тоо-кен металлургия тармагында кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө.
6. КМШга мүчө мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасынын алкагында технологиялык платформалар жөнүндө жобо тууралуу.
7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2025-жылы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына даярдык көрүү жана аны майрамдоо боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө.
8. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылы Волонтердук кыймыл жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө.
9. КМШ чемпионаты жөнүндө (Чемпионат, Кубок).
10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын ишмердүүлүгүн финансылык камсыздоо жөнүндө:
10.1 1979-1989-жылдары Афганистандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин издөө, сөөк көмүлгөн жерлерди издөө, эксгумациялоо, сөөктөрдү таануу жана аны өз мекенинде жерге берүү боюнча иш-аракеттерди 2020-2024-жылдары улантуу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө.
10.2 2021-2025-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттерде согуштун ардагерлеринин – локалдык конфликттердин катышуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды 2024-жылы каржылоо жөнүндө.
10.3 2022-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин абадан коргонуунун биргелешкен системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин алдындагы Абадан коргонуу маселеси боюнча координациялык комитеттин ишин камсыз кылуу жөнүндө.
10.4 2024-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүү жөнүндө.
10.5 КМШ Өкмөт башчылар кеңешинин 2007-жылдын 25-майындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун органдарынын ишин жана анын Аткаруучу дирекциясынын максималдуу бөлүгүн финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу.
10.6 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2022-жылга бирдиктүү бюджетинин аткарылышы жана 2023- жана 2024-жылдарда КМШ органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө.
10.7 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө.
10.8 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2024-жылга бирдиктүү бюджети жөнүндө.
11. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин укуктук актыларына КМШ органдарынын ишинин финансылык аспектилерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө:
11.1 Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын бирдиктүү бюджети жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу.
11.2 КМШга мүчө мамлекеттердин КМШ органдарынын бирдиктүү бюджетине карызын төлөөнүн тартиби жөнүндө.
12. 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган бирдиктүү юбилейлик медаль жөнүндө

Пикир

Оставить комментарий