• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Алдамчылык жол менен “iPhone 7” телефонун алып, ээсине бербей жүргөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.09.17 /Кабар/. Милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектин тургунуна бир нече айдан бери iPhone 7” үлгүсүндөгү байланыш телефонун бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардык ИИББнан кабарлашты.

28 жаштагы аял алдамчылыкка шектелүүдө. Учурда шектүү милиция бөлүмүнө алынып келинип, иликтөө иштери башталды.

Маалыматка ылайык, милицияга Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш аял 2017-жылдын июнь айында алдамчылык жол менен “iPhone 7” телефонун алып, бербей жүргөндүгү жазылган.

Пикир

Оставить комментарий