• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өткөн 2 күндүк рейддин алкагында 1,4 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан шаарынын аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында атайын “ За рулем” аталышында рейд өткөрүлүп, 1 миң 413 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, алардын ичинен:

- 15 айдоочу мас абалында автоунаа башкарган;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 3 ;

- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 19;

- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар автоунаалар - 3;

- унаа башкаруу учурунда телефон колдонуу 40 айдоочу ар бирине 3 миң сом айып салынды;

- коопсуздук курун 317 айдоочу тагынган эмес, ар бирине 1 миң сомдон айып салынды;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 1016. Ар кандай эреже бузган 95 айдоочунун автоунаасы убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий