• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулук районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Сокулук районунда мал уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 12-февраль күнү Сокулук РИИБине 1981-жылы туулган Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, сарайынанан белгисиз адамдар тарабынан 1 баш уй жана 2 баш торпогун уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 190 миң сомду түзгөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИББнын жана Сокулук РИИБнин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1990-жылы туулган А.Я. жана 1996-жылы туулган А.Р. аттуу жарандар кармалган.

Белгилей кетсек, жогорудагы шектүүлөр уурдалган малды Ысык-Көл облусуна алып чыгып базардан башка адамга сатып ийгендиги белгилүү болгон. Шектүү адамдарын бирөөсү дал ошол Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы маалда уурдалган мал табылып, эсине кайтарылып берилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий