• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун ардагерлери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков КР сот тутумунун ардагерлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Замирбек Базарбеков өз сөзүндө кылымдарды карыткан кыргыз эли ар дайым аксакалдарын урматтап-сыйлап, кадырлап-барктап келгени “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын кебин капка сал” деген терең философиялык макалдарды жараткандыгын айтты.

“Чейрек кылымдан ашык судьялык кызматты аркалоо менен Сиздер мол турмуштук жана кесиптик тажрыйба топтодуңуздар. Ошол мол тажрыйба кийинки муунга өтүп, сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жол көрсөтүп, үлгү болуп туруусу үчүн Сиздер менен ар дайым тыгыз мамиледе болуп, акыл-насаатыңыздарды угуп туралы деген максатты коюп жатабыз”, - деп билдирди төрага.

Ардагерлер сот реформасын алдыга жылдырууда билим-тажрыйбалары менен жетишинче кол кабыш кылууга жана Замирбек Базарбековдун сот реформасын жүргүзүүдөгү аракетин толук колдой тургандыктарын билдиришти.

Ошону менен бирге эле орун алып жаткан бир катар көйгөйлөргө токтолушуп, бул маселелер оң жагынан чечиле тургандыгына ишеним жасашты.

Замирбек Базарбеков сот бийлигинин учурдагы абалына кайдыгер карабай, ар тараптан колдоого даяр турган ардагерлерге ыраазычылык билдирип, орун алып жаткан көйгөйлөрдү чечип берүүгө колдон келген аракетин көрөөрүн билдирди.

Өз кезегинде ардагерлер Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго жооптуу кызматка келиши менен куттуктап ак калпагын кийгизип, ишинде ийгиликтерди каалап батасын беришти.

Пикир

Оставить комментарий