• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Араванда адам өлтүрүүгө шектелип кармалгандар эки айга камалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Араван районундагы адам өлтүрүүгө шектелип кармалган адамдардын бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.

Белгилей кетсек, милиция тарабынан буга чейин дайынсыз болуп изделип жаткан райондун 1969-жылы туулган Ю.К. аттуу тургуну киши колдуу болгондугу аныкталган.

Аталган окуяга шектүү делип 34, 28 жана 27 жаштагы Араван районунун тургундары кармалып, тергөө амалдары башталган.

Эске салсак, буга чейин аталган факты боюнча 2021-жылдын 27-ноябрында маркумдун 22 жаштагы баласы Араван РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө байланышып, атасы 2021-жылдын 20-ноябрында Россияга барам деп дайынсыз жоголгондугун билдирген.

Пикир

Оставить комментарий