• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандан сейрек кездешүүчү өсүмдүктүн тамырын мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери КР УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте "Арнебия" өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз ташып чыгуу аракетин алдын алышты.

Алсак, "Ак-Жол – Автожолу" контролдук-өткөрмө пунктунда Кыргызстандын аймагынан Казакстанга кетип жаткан унаа текшерүүгө алынган.

Жыйынтыгында жалпы салмагы 825 килограммды түзгөн, жоголуп бара жаткан категорияда Кызыл китепке киргизилген "Арнебия" өсүмдүгүнө окшош өсүмдүк тамыры менен 55 куту табылды.

Жүктүн коштоочу документтери жок экендиги аныкталган. Автоунаа жагдай аныкталганга чейин убактылуу токтотуучу жайга киргизилип, материалдар мыйзамдарга ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий