• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектик таэквондочулар эл аралык турнирде 10 медаль утту, анын бешөө алтын

Спорт 0

Бишкек, 27.1.23. /Кабар/. Бишкектеги Р. Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эл аралык турнирде 10 медаль утту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында олимпиадалык таэквондо боюнча BISHKEK OPEN 2023 эл аралык ачык чемпионаты өттү. Ага мелдешке Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Монголиянын спортчулары катышты.

Медаль уткандардын тизмеси:

  • Раиль Кутанов, Даяна Кудайбергенова жана Азал Бабаева - алтын, ал эми Богдан Пягай эки алтын медалга ээ болду;
  • Сахиба Софиева - күмүш медаль;
  • Даниел Шаршеев, Диана Ахметова, Айлин Карагулова жана Анжелика Жунусова - коло медалдын ээлери болушту.

Пикир

Оставить комментарий