• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январынан баштап куруучулар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирет

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин токтому менен көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин курууга катышуу жөнүндө жобо бекитилди.

Мамкурулуштан билдиришкендей, жаңы жобо көп батирлүү үйлөрдү жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин курууга катышуучуларга кепилдиктерди берүү, тапшырыкчылардын жана куруучулардын куруу ниетин ийгиликтүү жана абийирдүү ишке ашыруу үчүн шарт түзүү максатында кабыл алынган. Бул жобо 2024-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.

Жобонун талаптарына ылайык:

  • курулуп жаткан объекттердин реестри;
  • курулуш объектисин Реестрде каттабастан жарнамалоого жана кардарлардан каражат тартууга тыюу салуу;
  • иштеп чыгуучу менен кардардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин параметрлерин, аларды мамлекеттик каттоонун зарылдыгын аныктоо;
  • иштеп чыгуучулардын уставдык капиталына карата талаптар ;
  • иштеп чыгуучулардын финансылык отчетторун жарыялоого талаптар бекитилди.

Мамкурулуш курулуп жаткан объектилердин реестри боюнча маалыматты үзгүлтүксүз жаңылап турууну жана маалыматтардын ачык жеткиликтүүлүгүүн камсыздайт.

Пикир

Оставить комментарий