• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги “Балапан” бакчасында Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар өттү

Коом 0


Бишкек, 12.12.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу №51 “Балапан” бала бакчасында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Аталган иш-чарада кичинекей бөбөктөр жазуучуга арналган ыр саптарын окуп беришип, бла бакчанын тарбиячылары Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча театралдаштырылган оюн коюшту.

Тарбиячылар Айтматовдун чыгармаларында камтылган көйгөйлүү маселелерди “Кылым карытар бир күн”, “Атадан калган туяк”, “Саманчынын жолу” чыгармаларынан алынган эпизоддор аркылуу көрсөтүп беришти.

Мындан тышкары ата-энелер менен бөбөктөр биргелешип жасаган жазуучунун чыгармаларынан алынган каармандардын көрсөтмөсү уюштурулду.

Бала бакчанын директору Нуржамал Бакиева билдиргендей, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу келечек муунга татыктуу тарбия берсе болот.

Пикир

Оставить комментарий