• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кальяндын тамекиси менен никотин камтылган суюктуктарга акциз киргизүү сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊеште мамлекеттик бюджетти толтуруу максатында, 2019-2012-жылдар аралыгында ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүүгө багытталган “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечи – депутат Азамат Арапбаев.

Демилгечинин айтымында, акыркы мезгилде өлкө аймагына ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү көбөйдү, ошондон улам мындай заттарга акция киргизүү зарылдыгы бар.

«Андан көрө электрондук тамекини көбөйтүү керек, анын адамдын ден-соолугуна тийгизген зыяны аз. Тилекке каршы, Салык кызматында да, Бажы кызматында да өлкө аймагына ташылып кирген ысытылган тамеки менен курамында маӊзат камтылган суюктуктардын көлөмү жөнүндө так маалымат жок», - деди депутат.

Белгилей кетсек, сунушталып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынып калса, акциздик алым 2019-жылдын июль айынан тарта киргизилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий