• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Москвада мигранттарга жасалма документ даярдагандар кармалып, 11 "лаборатория" аныкталды

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Москва шаарында мигранттарга жасалма документтерди даярдоо жана сатуу менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын операция учурунда 56 адам кармалган, алар Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары. Кармалган адамдар жашаган 25 жер текшерилди.

Ошондой эле мигранттар үчүн мыйзамсыз документтерди даярдаган 11 "лаборатория" аныкталып, керектүү аппараттар, печать жана бланктар табылды.

Кармалган топтун мүчөлөрү чет өлкөлүк жарандарга Россиянын аймагында жүрүүгө уруксат берген жасалма паспортторду, миграциялык карталарды жана башка документтерди жасап жүрүшкөн.

Мындан тышкары, жасалма документтерди колдонуу менен миграциялык каттоого турууга да жардам беришчү.

Пикир

Оставить комментарий