• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

17-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 17-январда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда -6...-11, Талас облусунда -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...-5 градус, Ысык-Көл облусунда -4...+1 градус, Нарын жергесинде -12...-17 градус болот.

Бишкекте абанын температурасы -6...-8 болору күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий