• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Олимпиадага кыргыз спортчуларын даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек. 08.05.19 /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстандын курама командаларынын спортчуларын Токио шаарында (Япония) өтө турган жайкы XXXII Олимпиадалык жана XVI Паралимпиадалык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрдү.

Спорт түрлөрү боюнча Кыргызстандын курама командаларынын алдыдагы мелдештерге даярдыгынын жүрүшү тууралуу Кыргыз өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу пландаштырылууда. Бул – күрөштүн 3 түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу, триатлон. Жогоруда көрсөтүлгөн спорт түрлөрүнүн айрымдары боюнча 2019-жылы лицензиялык турнирлер өтөт.

«Лицензиялык турнирлерге даярдануу үчүн биздин өлкөнүн улуттук курама командаларынын мүчөлөрү спорт түрдөрү боюнча 2019-жылдын январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 21 эл аралык жана рейтингдик мелдештерге катышып, 37 медаль утуп алышкан (17 алтын, 6 күмүш жана 14 коло медаль). Ошондой эле жети Азия Чемпионатында 12 медалга ээ болушкан (2 алтын, 1 күмүш жана 9 коло медаль). Мындан тышкары спорт түрдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командалары 36 окуу-машыгуулардан өтүштү. Лицензиялык турнирлерге даярдануу алкагында биздин курама командалар 94 эл аралык (лицензиялык, рейтингдик) мелдештерге катышууну пландап жатышат. 2019-жылы Ысык-Көлдө триатлон жана волейбол боюнча эки Азия Чемпионатын өткөрүү пландаштырылууда», - деди Канатбек Арпачиев.

Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, сапаттуу даярдык көрүү максаттарында курама командалар алдынкы өлкөлөр менен биргелешкен эл аралык окуу-машыгуулар менен камсыздалышы керек. Лицензиялык турнирлерге жана окуу-машыгууларга катышуудан тышкары спортчулар фармакологияны өз убагында алуулары зарыл.

«2019-жыл спорт чөйрөсүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө биз үчүн чечүүчү жана аныктоочу болуп саналат. Быйылкы жылы атамекендик спортчулар маанилүү эл аралык старттарга катышып, лицензияларды жеңип алуулары керек. Буга байланыштуу биз спортчуларыбызга максималдуу жетишкендиктерге жетишүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө тийишпиз. Себеби мындай мүмкүнчүлүк 4 жылда бир келет. Ушуну эске алып, биз олимпиадалык мелдештерге даярдык көрүүнү уюштуруу иштерин жана кемчилдиктерди четтетүү чараларын күчтөндүрүүбүз кажет», - деди ал.

Вице-премьер-министр уюштуруу комитетинин көңүлүн курама командаларды өз убагында каржылоо зарылдыгына жана бөлүнгөн каражаттарды рационалдуу пайдаланууга бурду.

«Биз улуттук курама командаларды толук кандуу жана өз убагында каржылоого багытталган кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийишпиз. Лицензиялык турнирлерге катышкан курама командаларды өз убагында каржылоо маселеси биринчи кезектеги мааниге ээ. Зарыл болгон шартта кошумча каржылоо маселесин карап чыгуу жана чечүү керек. 2020-жылдагы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга татыктуу даярдануу – биздин алдыбыздагы маанилүү милдет. Мен атамекендик спортчулар да дүйнөдөгү эң алдынкы жана маанилүү спорттук мелдештерге татыктуу катышууга бардык күчүн жумшашат деп ишенем», - деп баса белгиледи Өмүрбекова.

Талкуулардын жыйынтыгында вице-премьер-министр окуу-машыгуу процесстерин уюштуруу жана алдыдагы мелдештерге даярдануу маселелерин чечүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларын 2017-2020-жылдардагы комплекстүү спорттук эл аралык оюндарга катышууга даярдоо боюнча уюштуруу комитети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 217-б буйругу менен түзүлгөн.

Уюштуруу комитетинин иши спорт түрлөрү боюнча Кыргыз Республикасынын курама командаларынын спортчуларынын Олимпиадалык жана Паралимпиадалык оюндарга, башка эл аралык комплекстүү спорттук иш-чараларга даярдануусун жана катышуусун камсыздоого багытталган.

Пикир

Оставить комментарий