• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкектеги №4 мектепке жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн

Коом 0

Бишкек, 09.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-декабрда саат 07:49да Бишкек шаарындагы №4 орто мектептин электрондук дарегине мектептин имаратына жардыруучу зат коюлгандыгы тууралуу кат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Билим берүү мекемесинин жетекчилиги дароо укук коргоо органдарына кабарлаган.

“Окуучулар жана мугалимдер эвакуацияланды. Оперативдүү-издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн имарат курчоого алынган. Текшерүү иштери аяктады, эч кандай жардыруучу зат табылган жок. Мектепте окуу процесси жандандырылды” , - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий