• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Баткенге жардам» кайрымдуулук фондунун 1227 бирдиктүү ыкчам номери иштей баштады

Коом 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Баткенге жардам» штабынын 1227 бирдиктүү ыкчам телефон номери иштей баштады. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спор мамлекетти агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бардык сууроолор боюнча көрсөтүлгөн номур аркылуу кайрылууга болот. Кыргызстандын абоненттери үчүн чалуулар бекер.

Эске сала кетсек, штаб Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жайгаштырылып, көмөккө келген ыктыярчылар Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалаган жарандардан, бизнес структуралардын өкүлдөрүнөн гуманитардык жардам кабыл алууну жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярдуу негизде акча которууну каалаган юридикалык жана жеке жактар каражаттарды төмөнкү банк эсептерине которо алышат:

Улуттук валютадагы эсептин реквизиттери (сом):

Кабыл алуучу Банк: Баткен аймактык башкармалыгы

БИК 440902;

ИНН 01312199910086

Эсеп номери № 4409021103005073 «Баткен облусундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты»

Төлөм коду 14411100 – «Учурдагы жардам»

Чет элдик валютадагы мультивалюталык эсептин реквизиттери (АКШ доллары):

Correspondent Bank

Federal Reserve Bank of New York, New York, USA

SWIFT: FRNYUS33

Beneficiary bank

National Bank of the Kyrgyz Republic, Bishkek, Kyrgyz Republic, 168, Chui Str., 720040 Bishkek, Kyrgyz Republic

SWIFT: NBKIKG22

Correspondent account number: 0210-8671-5

Beneficiary

Central Treasury of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic

Beneficiary account

№ 1013350100590106

Пикир

Оставить комментарий