• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-майда кыргыз-тажик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт

Саясат 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. 1-майда Кыгызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон 2021-жылы 30-апрелде Кыргызстан менен Тажикстандын УКМКнын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун «Кызыл-Бел» жана «Гулистон» бекеттеринин ортосундагы нейтралдуу аймакта жолушуусу өткөнүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР менен ТРнын мамлекеттик чек арасындагы абалды турукташтыруу боюнча маселелер талкууланган. Натыйжада тараптар бардык маселелерди сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, ошондой эле 2021-жылы 30-апрелде саат 13:00дон тартып чек арадагы аскерлерди жана аскердик техникаларды мурдагы ордуна чыгарып кетүү каалоосун жана ага даярдыгын билдиришкен.

Ошондой эле, 2021-жылы 1-майда КРнын Баткен облусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жолугушуусун өткөрүү чечими кабыл алынган.

КР менен ТРнын чек ара аскерлеринин командирлеринин жетекчиси астында түзүлгөн келишимдердин аткарылышын камсыздоо үчүн жумушчу топтор түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий