• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Милициянын кайгуул кызматкерлери ок атуу даярдыгы боюнча машыгуудан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери ок атуу даярдыгы боюнча машыгуудан өтүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматынын өздүк курамынын кесиптик даярдыгын жогорулатуу максатында 31-марттан 3-апрелге чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министиринин “Динамо” спорт комплексинде бекитилген графикке ылайык, ок атуу даярдыгы боюнча кайгуул кызматынын өздүк курамынан чегеримдер алынып жатат.

"Өткөрүлгөн чегеримдердин максаты милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамынын кызматтык курал-жарактарды жумуш учурунда туура колдонууну текшерүү жана кесиптик деңгээлин жогорулатуу максаты коюлууда", - деп айтылат маалыматта.

Милициянын кайгуул кызматына мындан башка да өздүк курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, өкмөттүн токтомдору жана укуктук ченемдик актылар боюнча сабактар жана семинарлар өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий