• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда аба жүктөрүн ташуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 02.04.21. /Кабар/. 31-мартта Бишкек шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Эрик Бейшембиев, пакистандык ишкерлер тобу КР Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө, маселелердин кеңири чөйрөсү, тактап айтканда, туруктуу түз аба каттамдарын ачуу, Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда аба жүктөрүн ташуу маселеси талкууланды.

Элчи КР "Транзиттик жүк ташуу боюнча ПИР-КЭР-РК-КР ортосундагы төрт тараптуу келишимге" мүчө экендигин эске алып, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы транспорттук байланыштарды пайдалануунун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий