• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Улуттар арасындагы ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат — Ташиев

Коом 0


Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. Улуттар арасындагы ынтымакты бузам дегендер катуу жазаланат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунда эл менен болгон жолугушууда билдирди.

УКМК төрагасы 2010-жылдагы окуялар эч качан кайталанбай тургандыгын баса белгиледи.

"Кыргызстан көп улутту мамлекет. Эки элди чабыштырууга мындан ары жол бербейбиз. Кыргыз-өзбек түбөлүктүү ынтымакта жашашы керек. Ага шарт түзүү биздин милдет. Улут болуп, жердеш болуп эч качан бөлүнбөшүбүз керек. Мыйзам алдында баары бирдей", - деди Камчыбек Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий