• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Мадмаров Түркмөнстандын ТИМ башчысынын орун басары менен кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 28.01.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Азизбек Мадмаров аталган өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Ахмет Гурбанов менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташуусунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болуп, өткөн жылдагы эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыгы чыгарылып, өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн пландары белгиленди.

Ошону менен бирге мамлекеттер аралык мамилелерди кеңейтүүгө өбөлгө боло турган жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө жана бекемдөөгө умтуларын ырасташты, ошондой эле үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий