• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаров Санкт-Петербургда ЖЕЭКтин отурумуна катышууда

Саясат 0

Бишкек, 25.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразия экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) отурумуна катышууда.

Жыйын Россиянын президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин төрагасы Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтүп жатат, анын ишине Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары - Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышууда.

ЖЕЭКтин тар курамдагы отурумунун алдында Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын биргелешкен сүрөткө түшүүсү болуп өттү.

Андан кийин жыйын делегация мүчөлөрүнүн катышуусу менен кеңири курамда улантылат.

Отурумдун жүрүшүндө тараптар 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде Евразия экономикалык бирлигинин алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүнүн милдеттерин жана негизги багыттарын карап чыгышат.

Эскерте кетсек, Жогорку Евразия экономикалык кеңеши – Евразия экономикалык бирликтин жогорку органы.

Пикир

Оставить комментарий