• 88.68
  • 95
  • 0.95

Анкарада ТМУ саммитинин кезексиз жыйыны өттү – сүрөт

Саясат 0

Бишкек, 16.03.23./Кабар/. Бүгүн, 16-мартта, Анкара шаарында (Түркия Республикасы) Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинин кезексиз жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган иш-чараны ачып жатып, Түркияда быйыл февралда болгон кыйратуучу жер титирөөлөрдүн кесепеттерине жыйындын катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Ал түрк мамлекеттеринин лидерлерине ушул оор мезгилде Түркияга көрсөткөн колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында уланды.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кырсыктын оор кесепеттерин башынан кечирип жаткан түрк боордошторунун кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөрүн баса белгиледи. Кыргызстан мындай оор мезгилде жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча түрк өкмөтүнүн бардык аракеттерин колдоого жана көмөк көрсөтүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт.

Мамлекет башчысы ошондой эле кыргыз тарап Уюмга мүчө мамлекеттердин жогорку деңгээлдеги жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Катышуучу мамлекеттердин ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээли сакталып турат.

Саммитке Уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары – Кыргыз Республикасынан Садыр Жапаров, Түркия Республикасынан Режеп Тайып Эрдоган, Азербайжан Республикасынан Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынан Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынан Шавкат Мирзиёев, ошондой эле байкоочу мамлекеттердин өлкө лидерлери жана делегация башчылары катышты.

Түрк мамлекеттеринин уюмуна катышучу өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынынын жыйынтыгында жыйынтыктоочу декларацияга жана башка документтерге кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий