• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтүнүн үчүнчү жылы сүрөттөрдө

Президент 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Бүгүн Садыр Жапаровдун Кыргызстандын президенти кызматына киришкенине үч жылдын жүзү болду.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын январь айынан бүгүнкү күнгө чейинки ишмердүүлүгүн чагылдырган фотосүрөттөрдү чыгарды.

Сүрөттөрдүн көпчүлүгү буга чейин эч жерде жарыяланган эмес.

1. Президент Садыр Жапаровдун расмий фотосүрөтү.
2. Президент Садыр Жапаровдун өлкөбүзгө мамлекеттик сапар жасаган Президент Шавкат Мирзиеёв менен расмий жолугушуусу, 27-январь.
3. Бишкек шаарынын автопаркы жаңы автобуста рменен толукталууда, 1-февраль.
4. Венгрияга болгон расмий сапар. Будапешт, 13-февраль
5. Жумуш учурлары.
6. Президент Tүрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кезексиз саммитинин Декларациясына кол коюп жатат. Анкара, 16-март.
7. Э.Гареев атындагы Ботаникалык бак эл жакшы көргөн эс алуучу жайга айланышы керек,18-март.
8. Турмуш жолунда эриш-аркак.
9. Ыйык Рамазан айында Президент Бишкек шаарындагы борбордук мечитте намаз окуп жатат, 7-апрель.
10. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен. Бишкек, 21-апрель.
11. Президент "Социалдык келишим" программасынын алкагында аз камсыз болгонүй-бүлөлөргө бизнес ачууга делген жөлөкпулдардын даректүүлүгүн өзү текшерип барды, 25-апрель.
12. Президент Садыр Жапаров туркомплекс курула турган жерде. Негизги басым спорттук жана ден соолукту чыңдоочу туризмди өнүктүрүүгө жасалат. Ысык-Көл облусу, 29-апрель.
13. Президент Садыр Жапаров жана Эл аралыкфутбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино: Кыргыз футболун өнүктүрүп, футбол инфраструктурасын жакшыртабыз. Бишкек, 5-май.
14. Президент Садыр Жапаров Биринчи айым Айгүл Жапарова менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен Тан династиясынын лотос багында Борбор Азия лидерлерин тосуп алуу аземинде, 18-май.
15. Лидерлердин маанайы. "Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция" аттуу Евразия экономикалык форумунун пленардык отуруму. Москва, 24-май.
16. Президент жана Биринчи айым № 1053 шайлоо участогунда кезек күтүп жатышат ,Бишкек, 28-май.
17. Президент Садыр Жапаров Европа Кеңешинин Президенти Шарль Мишелди көчмөндөр цивилизациясынын салттарынын элементтери менен тааныштырууда. Чолпон-Ата, 3-июнь.
18. Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдогандын инаугурациясына катышты. Анкара, 3-июнь.
19. Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга болгон сапары учурунда, 7-июнь.
20. УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылышында, 17-июнь.
21. Германия Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин сапары - Германиянын Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигинин жакшы белгиси. Бишкек, 22-июнь.
22. Көл жээгинде күтүлбөгөн жолугушуу. Ысык-Көл, 29-июнь.
23. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик циркти капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди. Бишкек, 7-июль.
24. Достук боз үйү: Монголияга болгон сапар, 11-июль.
25. Лидерлик жөнөкөйлүк: Президент СадырЖапаров жарандар менен ачык баарлашуу учурунда.
26. Мураскор ханзаада, Сауд Аравиясынын Премьер-министри Мухаммад бин Салман Аль Сауд менен жолугушуу. Жидда, 20-июль.
27. Сауд Аравиясына болгон иш сапардан көз ирмем. Мекке, 20-июль.
28. Келечек бүгүнтөн башталат: өзгөчө шыктуу балдардын “Акылман” президенттик лицейинин ачылышы. Чолпон-Ата, 25-август.
29. Абадагы кабинет: Президент Жалал-Абадга учуп баратканда иш үстүндө, 29-август.
30. Президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мусталый уулу Нуркожо ажы атындагы маданий борбордун ачылышында. Жалал-Абад, 29-август.
31. Президент Садыр Жапаров Чек ара кызматынын кызматкерлерине ачкычтарды тапшырууда. Жалал-Абад, 29-август.
32. О спорт, сен - ааламсың! Жалал-Абадда "Барселона" футбол академиясынын ачылышына чет элдик блогерлер келишти. 29-август.
33. Үмүт операциясы: Президент биринчи жолу органды трансплантациялаган ооруканада. Бишкек, 30-август.
34. Президент спорт талаасында: "Барселона легендалары" менен "Азия легендалары" ортосундагы жолдоштук беттеште. Бишкек, 30-август.
35. Маданий басым: Президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүндө Ош шаарындагы Ош кыргыз драма театрына барды.
36. "Борбор Азия жана АКШ" мамлекет башчыларынын Биринчи саммитинде АКШ Президенти Жо Байден менен жолугушуу. Нью-Йорк, 19-сентябрь.
37. Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпыдебаттарында сөз сүйлөп жатат. Нью-Йорк, 19-сентябрь.
38. Президент Садыр Жапаров Уолл-Стриттеги Нью-Йорк фондулук биржасына барды. 21-сентябрь.
39. "Борбор Азия-Германия" биринчи саммити. Берлин, 29-сентябрь.
40. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргыз Республикасына болгон расмий сапары, 12-октябрь.
41. Маданий биригүү учуру: КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунан кийин. Бишкек, 13-октябрь.
42. Президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына арналган мааракеде. 19-октябрь.
43. Таласка болгон жумуш сапарынын алдында: учкуч - экипаждын командиринин коштоосунда, 21 октябрь.
44. Мобилдик кеңсе.
45. Мамлекет башчысы "Президент Жапаров"берүүсү үчүн интервью берип жатат. Жалал-Абад, 26-октябрь.
46. Туулуп-өскөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Кең-Суу айылында, 28-октябрь.
47. Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын маселелерин талкуулоо, 28-октябрь.
48. Эң жаңы "Акынжы" жана "Аксүнгүр" учкучсуз учуучу аппараттары УКМКнын Чек ара кызматына куралданууга түштү, 28-октябрь.
49. Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Беларустагы Элчиси Эрбол Султанбаев жана басма сөз катчысы Аскат Алагозов менен.
50. Ташкентте өткөн Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитине катышуусу, 9-ноябрь.
51. Франция Республикасынын Президенти Эмманюэль Макрон менен. Париж, 10-ноябрь.
52. Японияга болгон расмий сапардын алкагында Император Нарухито менен жолугушуу, 17-ноябрь.
53. Президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Киото шаарындагы Император сарайында, 18-ноябрь.
54. Президент Садыр Жапаровдун Япониянын Премьер-министри Фумио Кисида менен расмий жолугушуу аземи, 20-ноябрь.
55. Учуу экипажынын кабинасында. Бишкек, 22-ноябрь.
56. Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайынын алдында, 22-ноябрь.
57. Беларусь Республикасына болгон иш сапары учурунда Президент Александр Лукашенко менен, 23-ноябрь.
58. Баку шаарында БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу, 24-ноябрь.
59. Ак илбирстерди байкоо үчүн камера-капкан орнотуу, 27-ноябрь.
60. "Ала-Арча" жаратылыш паркында, 27-ноябрь.
61. Дубай шаарында «Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнөыңгайлашуусу» темасында Адаптация боюнча Глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги комитеттин Биринчи отурумуна катышуусу, 1-декабрь.
62. Чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамоталарын тапшыруу аземинен кийин, 5-декабрь.
63. "Дордой" базарынын ишкерлери менен жолугушуу, 5-декабрь.
64. Региондогу кайгылуу окуяларда талкалангандардын ордуна курулган жаңы турак жайлардын биринде. Баткен облусу, 11-декабрь.
65. Экинчи Элдик курултайда, 16-декабрь.
66. Экинчи Элдик курултайдын делегаттары менен, 16-декабрь.
67. Президент Садыр Жапаров салтка айланган балдар үчүн жаңы жылдык салтанатта, 22-декабрь.
68. Президенттик стипендияга татыктуу 75 мыкты студенттер менен, 23-декабрь
69. Санкт-Петербург шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуусу, 25-декабрь.
70. Жаңы жылдык куттуктоону жаздыруу. “Орловка” лыжа базасы, 30-декабрь.
71. Атайлап тартылбаган сүрөт.

Пикир

Оставить комментарий