• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эми керектүү транспорттун келүү убактысын билүү оңой. Бишкекте аялдамаларда QR–коддор орнотулууда

Коом 0

Бишкек, 28.01.24./Кабар/. Бишкек шаарындагы аялдамалар жайгашкан пункттарда коомдук транспорттун аялдамага келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу билүүгө мүмкүн болгон QR–коддор жайгаштырылууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ар бир аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же "Менин шаарым" мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот.

Долбоор борбор калаанын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында "Санариптик технологиялар борбору" жана "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканалары тарабынан ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы шаардык кызматтарды санариптештирүү боюнча жигердүү иш алып барууда. Мурда коомдук транспорттун графиги аялдамаларга илинип турса, азыр анын ордуна QR-коддору бар баракчалар илинген.

Мындан тышкары, "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинин колдонуучулары эми борбор калаадагы автобустардын жана троллейбустардын иштөө убактысын көрө алышат, бул үчүн Google Play же App Store тиркемелерин жүктөө же жаңылоо зарыл.

Пикир

Оставить комментарий