• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

30-декабрдан 1-январга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрүндө чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Жаңы-жылды майрамдоо максатында 30-декабрдан 1-январга чейин (кошкондо) Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилип, унаа токтотууга тыюу салынат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, төмөнкү көчөлөрдө чектөө киргизилет:

Чүй проспектиси (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 30-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жабылат.

Киев көчөсү (Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин) 2023-жылдын 31-декабрында саат 14:00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07:00гө чейин жеке транспорт үчүн жабылат. Кирүү коомдук транспорт үчүн гана болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейинки аралыкта Панфилов көчөсү (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тараптуу жол кыймылы үчүн жеткиликтүү болот.

2023-жылдын 30-декабрында саат 14.00дөн 2024-жылдын 1-январы саат 07.00гө чейин Эркиндик бульвары (Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин) эки тарапка унаа токтотууга тыюу салынат.

Ошондой эле 2024-Жаңы жылды майрамдоо учурунда шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна ыңгайлуу болушу үчүн атайын унаа токтотуучу жайлар белгиленген:

- Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк жана батыш тарабы.
- Раззаков, Орозбеков, Панфилов көчөлөрү башка айдоочуларга тоскоолдук жаратпастан, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Пикир

Оставить комментарий