• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жазык жана жоруктар иштери боюнча соттук коллегиянын судьяларына жаңыдан күчүнө кирген кодекстер тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-декабрында, Жогорку сотто башкы прокурордун орун басары Кумарбек Токтакунов КР Жогорку сотунун Жазык жана жоруктар иштери боюнча соттук коллегиясына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодекстердин нускаларын тапшырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан баштап жаңы Баш мыйзамга ылайык, сот өндүрүшүнө байланыштуу бир катар мыйзамдар менен бирге эле жаңы кодекстер колдонууга кирди.

Башкы прокуратура Жогорку сотко жана жергиликтүү сотторго 400 нускада кодекстерди тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий