• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен аба каттамдарын жандандырат

Коом 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен аба каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Азыркы учурда 14-сентябрдан тарта "Ташкент-Бишкек-Ташкент" багыты боюнча, ал эми 17-сентябрдан тарта "Алматы-Бишкек-Алматы" багыты боюнча каттамдарды жандандыруу боюнча иш алынып барууда", - деп билдирет штаб.

Штаб билдиргендей, авиакомпаниялар аталган багыттар боюнча билеттерди сата баштады. Каттамдар Ташкентке жумасына бир жолу жана Алматыга жумасына эки жолу жасалып турат. Кийинчерээк каттамдардын саны көбөйтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий