• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда 3-июлдан тарта унааны жубайлардын макулдугу менен гана кайра каттоого болот

Коом 0

Бишкек, 20.06.23. /Нурзат Жумалиева - Кабар/. 2023-жылдын 3-июлунан тарта Кыргызстанда транспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүдө сөзсүз түрдө жубайынын/жолдошунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун көрсөтүү зарыл.

“Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришкендей, КР Үй-бүлө кодексине ылайык, жубайлардын никеге турганда сатып алган мүлкү, анын ичинде транспорт каражаттары, орнотмолор жана жабдуулар алардын биргелешкен менчиги болуп саналат.

Жубайлардын жалпы мүлкүнө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө жубайлардын өз ара макулдугу боюнча жүзөгө ашырылат.

Жогоруда айтылгандарга байланыштуу, транспорт каражаттарынын ээлеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, 2023-жылдын 3-июлунан тартып Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө жана секторлорунда, транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ээликтен ажыратуу боюнча бүтүмдөрдү түзүүдө сөзсүз түрдө жубайынын/жолдошунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугун же жубайынын/жолдошунун катышуусунда кол коюлган макулдук жөнүндө арызды көрсөтүү зарыл.

Эгерде кыймылдуу мүлк жубайлардын биринин жеке менчиги болуп саналса (никеге чейин сатып алынган, мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча алган белек) же биргелешип алынган мүлктү бөлүштүрүү мурда жүргүзүлсө же ажыратуучу жак никеде турбаса), ошондой эле эгерде жубайлардын ортосунда түзүлгөн нике келишиминде же башка келишимде мүлккө карата менчиктин өзүнчө режими каралбаса жубайынын/жолдошунун макулдугунун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн арызын талап кылбастан күбөлөндүрүлүшү мүмкүн.

“Урматтуу жарандар, транспорт каражаттарын, орнотмолорду жана жабдууларды ажыратууда Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк мыйзамдарынын нормаларын сактоону суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий