• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК: Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар өлкөдөн чыгууга аракет кылышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.06.23./Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

КР УКМК тарабынан мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М. жана министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалды.

Бул кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 336 берененин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан жаратылышты коргоо долбоорлоруна бөлүнгөн каражаттарды максатсыз пайдалануу, коррупциялык схеманы уюштургандыгы боюнча, министрликтин кызмат адамдарына жана «Жаратылышты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун жооптуу кызматкерлерине карата козголгон.

2023-жылдын 15-июнунда долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү болуп, «Ак-Жол автодорожный» текшерип өткөрүү пунктунан К.Т.К. өлкөдөн чыгууга аракет кылуу учурунда кармалды.

Мындан сырткары, 2023-жылдын 18-июнунда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы болгон И.Б.М. «Манас» эл аралык аэропортунан кармалды.

Аталган адамдар, комиссиянын мүчөлөрү акча каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттин кызыкчылыгына каршы жеке долбоорлорду алардын жеке кызыкчылыгы болгон жерде киргизип турушкан, натыйжада аффилирленген чарба жүргүзүүчү субъекттерге өзгөчө ири өлчөмдөгү бюджеттик каражаттар мыйзамсыз бөлүнгөн жана эсептен чыгарылган.

Бүгүнкү күндө, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде К.Т.К. жана И.Б.М. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан ары бул ишке башка тиешеси бар адамдарды, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий