• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда жергиликтүүлөр сел агызып кеткен унаанын айдоочусун куткарып калышты

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.23. /Кабар/. Кадамжай шаарынын Кайзерабад тилкесинде сел жүрүп, унааны агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел "Матиз" үлгүсүндөгү унааны агызып, 1976-жылы туулган айдоочусу А.А.Сайдалиеваны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал учурда ооруканада, абалы туруктуу.

Ошондой эле сел суулары Кайзерабад тилкесинде болжол менен 500 метр, Звездная көчөсүндө 500 метр, Нүрдүн-Улакчы көчөсүнөн 600 метр ички жолдорду бузуп, 780 мерт ички арыктар кум-шагалга толгон. 2 көп кабаттуу турак-жайдын жер төлөөсүнө суу толуп, 12 жеке турак-жайдын короосун, ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн имаратынын жана райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун айланасын сел суулары каптаган.

ӨКМдин аймактык бөлүмү кырсыктын кесепеттерин жоюу аракетин көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий