• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кара-Кулжада дарыяга түшүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 04.05.24. /Кабар/. Кара-Кулжада дарыяга түшүп кеткен 3 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылындагы Кызыл-Суу дарыясына 3 жашар бала түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында саат 11:18 чамасында куткаруучулар тарабынан 2021-жылы туулган Т.Э. аттуу баланын сөөгү Кызыл-Суу дарыясынан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий