• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тажикстандын кол салуусу. Нарында шейит кеткен аскер акыркы сапарга узатылды

Кырсык 0

Бишкек, 18.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Нарын районунун Оттук айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен аскер кызматкери, улук лейтенант Нурсултан Жаныбеков жерге берилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына облус башчысы Алтынбек Эргешов катышып, куралдуу кагылышууда Теңир-Тоонун эр азаматы окко учканын алардын бири Нурсултан экенин кайгыруу менен эскерип, баатыр уулду тарбиялап өстүргөн ата-энесине, туугандарына, эли-журтуна сабыр тиледи.

"Нурсултан эр жеткенден баштап чек арада кызмат кылды. Кыргыздын бир чарчы метр жерин душмандарга тебелетпей, мекен алдындагы ыйык милдетин аткарып жатып мекен чегинде окко учту.

Күлгүндөй курагында шейит болгон эр-азаматтарыбызга кабыргабыз кайышып, жүрөгүбүз сыздап турат... Алардын жасаган эрдиги жана жаркын элеси кыргыз элинин, теңиртоолуктардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталып калат", - деди облус жетекчиси.

Нурсултан Жаныбеков 1995-жылдын 25-июлунда Нарын районунун Оттук айылында жарык дүйнөгө келген.

2011-жылы Нарын шаарындагы №7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин 9-классын ийгиликтүү аяктап, Агрардык-экономикалык колледжге тапшырган.

2014-жылдын 9-апрелинде Ош облусундагы 92843 аскер бөлүгүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган.

2015-жылдын 7-апрелинде мөөнөттүү кызматын аяктап, ошол эле жылдын декабрь айында КР Мамлекеттик Чек ара кызматынын 2025 аскердик бөлүгүнө аскердик кызматка кирген.

Кызмат учурунда "Көк-Айгыр" чек ара кызматынын улук аткычы; "Көк-Айгыр" чек ара кызмат бөлүмүнүн улук кавалерист-улук аткычы; "Бөрү" атайын даярдалган отрядынын улук чалгынчы-улук көзгө атаары болуп эмгектенген.

2022-жылдын 23-мартында 2054 аскер бөлүгүнүн 6-атайын багыттагы тобунун улук чалгынчы-улук аткычы кызматына дайындалып, Баткен облусундагы Раззаков шаарына кызмат өтөө үчүн жиберилген.

Сержант Жаныбеков Нурсултан Таалайбековичтин мекенине кылган кызматы бааланып, КР Президентинин Ардак грамотасы жана бир катар ведомстволук сыйлык, медалдар менен сыйланган.

Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу болчу.

"Кабар" маалымат агенттиги шейит кеткен Нурсултан Жаныбековдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий