• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада эки ирет жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 19.04.22. /Кабар/. Кечээ, 18-апрелде Кыргызстанда эки ирет жер титиреди.

Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Суусамыр өрөөнүндө саат 09:55те очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

КРнын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Өтмөк айылында 3 баллга сезилген.

Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жергиликтүү убакыт боюнча 21:52де очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Кыргызстандын калкттуу пункттарында жер титирөөнүн күчү – Керкидан айылында 3 балл, Хауз айылында – 3 баллга жакын сезилген.

Пикир

Оставить комментарий