• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык жаран бөтөн паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаран чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракет кылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, ал жаран "Ак жол - унаа жолу" өткөрмө жайында паспорт көзөмөлүнөн өтүп жатып 22 жаштагы А.Д. аттуу жаранга таандык паспортту көрсөткөн. Бирок, паспортту берген адам менен паспорттун сүрөтүндөгү адам эки башка болуп чыккан.

Ал жаран кармалып, документтер толтурулгандан кийин УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий